Мунай баасы рекорддук деңгээлде кымбаттады

Мунай баасы рекорддук деңгээлде кымбаттады

Лондон биржасында Brent мунайынын баасы кымбаттады. Бир баррель чийки заттын баасы 84 долларга жетти. Бул үстүбүздөгү жылдын чын куран айынан берки биринчи рекорддук көрсөткүч. Ошол эле учурда WTI кара алтынынын баасы да өсүүдө. Бул марканын фьючерстик баасы баррелине 80 доллардан ашты. Талдоочулардын айтымында, ОПЕК+ өлкөлөрүндө мунай өндүрүүнүн кыскарышынан улам рынокто сунуштар да чектелүү, ошону менен анын баасы да жогорулаган. Буга кошумча, жакынкы айларда чийки зат 85-90 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков