Астанага салынган инвестиция көлөмү өсүүдө

Астанага салынган инвестиция көлөмү өсүүдө

Астанага салынган инвестиция көлөмү өсүүдө. Акыркы 3 жылда борбор калааны өнүктүрүүгө тартылган каржы көлөмү 3,5 триллион теңгеден ашты. Жалпысынан 2023-жылдын 9 айында Астанага салынган инвестиция көлөмү 960 миллиард теңгени түздү. Бул 2022-жылга салыштырганда 105%га көп. Ошондой эле, чет элдик каражаттардын көлөмү да жылдан-жылга өсүүдө. Жыл башынан бери ал 794 миллион долларга жакындап, көрсөткүч болжол менен 80%га өскөн. Жалпысынан акыркы үч жылда АКШ валютасында 4 миллиарддан ашык каражат тартылды. Республика борбору чийки зат эмес тармакка салынган каржы көлөмү боюнча 2-орунду, негизги капиталга тартылган инвестиция боюнча 3-орунду ээледи. Инвесторлордун басымдуу бөлүгү  логистика жана курулуш тармагына каражат салышкан. Борбор калаада инвестиция тартуу боюнча ыңгайлуу шарттар сакталууда. Бизнеске умтулган ишкерлерге «Астана Өнүктүрүү борбору» акысыз кеңеш берүүдөн баштап ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Ерлан Ержанов, «Астананы өнүктүрүү борбору» башкармасынын төрага орун басары:
- Астана шаарынын акимчилигинин алдында түзүлгөн биздин орган инвестиция тартуу менен алектенет. Борбор инвесторлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү милдетин аткарат. Мындан тышкары, биз алардын долбоорлорун жүзөгө ашырууда жана ишке киргизүүдө жардам беребиз. Мамлекеттик колдоо жана уруксат берүүчү документтерди алууга көмөктөшүү биздин мойнубузда. Учурда 170 инвестициялык долбоор биздин колдообуз менен ишке ашырылып жатат. Ал эми алардын наркы 1,7 триллион теңгени түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков