Казакстандын банк секторунун жеткиликтүү капиталдык резерви бар

Казакстандын банк секторунун жеткиликтүү капиталдык резерви бар

Казакстанда банк тутумунун ликвиддүү активдеринин жана капиталынын жетиштүү резервдери бар. Бул ата мекендик каржы институттарына өз милдеттемелерин толук аткарууга мүмкүндүк берет - деп билдирет Казакстандын каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги. Экинчи деңгээлдеги банктардын жогорку ликвиддүү активдеринин көлөмү 11 триллион теңгеге жакын. Тармактык милдеттенмелердин түзүмү негизинен депозиттик портфель менен берилген. Бул болжол менен 77 пайызды түзөт. Ошону менен бирге, бугу айынын 1не карата банк секторунун капиталы мыйзамда белгиленген ченемдерден бир топ ашып кетти. 2022-жылдын үчтүн айы-чын куран айларында Казакстандын банктарынын таза кирешеси 375 миллиард теңгени түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков