Кышкы туризм Казакстандын чыгышында өнүгүп жатат

Кышкы туризм Казакстандын чыгышында өнүгүп жатат

Республиканын чыгышында кышкы туризмди эл аралык масштабда өнүктүрүүнүн стратегиялары каралууда. Учурда облуста лыжа, экстремалдык спорт бир топ жогорку деңгээлде өнүккөн. Андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары эбегейсиз зор. Риддерде лыжа тээп эле эмес, фрирайд, могул, скикросс, слалом сыяктуу кышкы спорттун түрлөрү менен машыгууга болот. Эми Алтай тоолорунда дээрлик эки чакырым бийиктикте лыжа базасын курууну пландап жатышат. Учурда жергиликтүү бийлик чет элдик инвесторлор менен келечектүү долбоорду талкуулашууда.

Дархан Косантаев, Риддер шаарынын акиминин орун басары:

- Бул долбоор жеке инвесторлор тарабынан каржыланат. Албетте, кандай болгон күндө да, инфраструктураны жыйынтыктоо учурлары буга чейин эле мамлекет тарабынан кабыл алынган.

Бул арада Казакстандын ТОП-50 туристтик картасына кирген тоолуу Риддерде өзгөчө рельефтеги эңкейиштер сезонго даярдалууда. Бул жерде кар жетинин айынан бугу айына чейин жаайт. Кышкы туристтик сезон алты айга созулат. Бул аймак кар катмарынын сакталышынын эң узак мөөнөтүнө ээ, шамал жана кар көчкү коркунучу бар эңкейиштер дээрлик жок.

Мария Русина, Казакстандын туристтик агенттиктер ассоциациясынын ЧКО боюнча өкүлү:

- Пандемия маалында, чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз болбогон учурда албетте, туристтерибиз ички туризмге кайрылышты. Бизде Орусиянын рыногунда Риддер аймагына карата суроо-талап жетишерлик чоң, ошондуктан бул аймак туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы деп ойлойм.