Грузияда өлкөгө кайта албаган казакстандыктарга жардам көрсөтүлүүдө

Грузияда өлкөгө кайта албаган казакстандыктарга жардам көрсөтүлүүдө

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу чет өлкөдө калган казакстандык туристтердин кайтып келиши акырындык менен калыбына келүүдө. Деген менен кайтып келе албагандары дагы бар. Учурда Грузияда 300гө жакын казакстандыктар өз рейстерин күтүп жатышат. Аларга казак дипломаттары көмөктөшүүдө. Мындан тышкары Казак-Грузин экономикалык ассоциациясы каржылык жардам көрсөттү. Кутаиси аркылуу каттамдарды Казакстандын лоукостерлери аткарышат. Бирок учакта орун чектелүү. Кырдаалга байланыштуу Казакстандын Грузиядагы элчилиги 24 саат бою иштей турган ишеним телефонун ишке киргизди.

Ерлан Абишев, Казакстан Элчилигинин Грузиядагы консулу:

- Грузиядан Казакстанга каттамдар токтотулгандан бери элчилик казакстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Мындан тышкары, алардын баары бардык керектүү нерселер менен камсыз болгон. Жатакана, тамак-аш жана бекер жатакана жагынан жардам берилет. Акысыз ПЧР-анализдери, которуулар уюштурулууда. Биринчи кезекте балалуу аялдарга, кары-картаңдарга жана үчтүн айынын башында билет алгандарга артыкчылык берилет.

Динара Избаева, Казакстан жараны:

- Биз Актөбөгө кайтабыз. Тбилисиге турист катары үчтүн айынын 3дө келдик. Каттоодон ийгиликтүү өтүп жатабыз. Байланыш үзүлгөн туугандарыбызды акыры көрдүк. Казакстанда интернет иштебей калды. Азыр абал турукташып келүүдө, баары жакшы болот деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков