Мугалим, окуучу, ата-эне байланышы күчөйт

Мугалим, окуучу, ата-эне байланышы күчөйт

Казакстандын мектептеринде мугалим-окуучу-ата-эне үчилтигинин байланышы күчөйт. Бул тууралуу борбордо өткөн баш оона айынын конференциясында окуу-агартуу министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Министрлик башчысынын айтымында, жаңы окуу жылында окуучунун билим алуу менен бирге тарбиясына да чоң маани берүү чаралары көрүлөт. Мисалы, ата-энелер жыйналышынын форматы да өзгөрөт. Башкача айтканда, чогулушта баланын баалары менен жетишкендиктери гана талкууланбайт. Окуучунун ар бир предметти өздөштүрүүдөгү көйгөйү ата-энелер менен биргеликте талкууланат. Максат ата-энелерди мектепке жакындатуу - дейт министр.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын Окуу-агартуу министри:

- Мектеп менен ата-эне бирге иштешсе анда ата-энелердин мектепке болгон мамилеси башкача болот. Дагы бир орчундуу маселе - мугалимдин макамы. Бирок макамы анын айлыгына жана квалификациясына гана эмес, ата-энеден да көз каранды. Анткени үйдө отуруп, дасторкон үстүндө мугалим жөнүндө сүйлөшүү баланын аны менен болгон мамилесин калыптандырышы мүмкүн. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы жакшы мамиле анын билимине, кесипкөйлүгүнө эле эмес, ата-эненин мамилесинен да көз каранды. Мугалимдин эмгекке болгон аракети маанилүү болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков