Казак тасмалары Европанын беш шаарында көрсөтүлөт. Ата мекендик картиналар фестивалы быйыл Парижде, Страсбургда, Брюсселде, Люксембургда жана Женевада өтөт. Казак тасмалары Европанын беш шаарында көрсөтүлөт. Ата мекендик картиналар фестивалы быйыл Парижде, Страсбургда, Брюсселде, Люксембургда жана Женевада өтөт. Төртүнчү Казакстан кинофестивалы биздин өлкө менен Франциянын, ошондой эле Европа биримдигинин башка өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого арналган. Форумга режиссёрлор жана актёрлор, ата мекендик, француз жана дүйнөлүк кинематографиянын өкүлдөрү катышууда. Казак киносунун Париждеги күндөрү режиссёр Алдияр Байракимовдун Паралимпиадачы спорттук драмасынын премьерасы менен ачылды. Ошол эле учурда көрүүчүлөр Айжан Касымбектин От, Акан Сатаевдин Улуу талаа таңы, Сергей Дворцевойдун Кызгалдак жана Адилхан Ержановдун Зоянын кайтып келиши тасмаларын көрүштү. Программада Улуттук кинематографияны колдоо боюнча мамлекеттик борбордун көрсөтүүлөрү да бар.
Бауыржан Шүкенов, Улуттук кинематографияны колдоо боюнча мамлекеттик борбордун өкүлү:
Дегеле, мындай иш-чаралардын максаты – казак киносун кызыл килемден гана эмес, кинотеатрлардан да көрсөтүү. Чет элдик аудиторияны белгилүү бир окуяга гана эмес, көрүүчүлөр аны казак киносу катары көрүшүн каалайбыз. Билет сатып алып, прокаттык сеанста 2-3 жума сакталышын камсыздашыбыз керек. Бул биздин максатыбыз.
Кошумчалай кетсек, быйыл кинофестивалдын алкагында биринчи жолу казак жана француз кино долбоорлорунун сынагы өткөрүлөт. Аларды эл аралык калыстар тобу баалайт.
Алина Мустафина, режиссер:
Ошондуктан мен бул жакка келдим, анткени бул жерде казакстандык фильмдерди көрүү мүмкүнчүлүгү гана эмес, казак режиссерлору үчүн Францияда кандайдыр бир каржылоо, биргелешкен өндүрүш алуу мүмкүнчүлүгү бар. Болгону менде Казакстан-Франция өндүрүшүнүн көркөм тасмасынын долбоору бар, ошондуктан мен бул жердемин. Угуп эле дароо Парижге учуп кеттим.
Фестивалдын конокторуна чуулгандуу Инфинити телесериалынын алгачкы бөлүмдөрү көрсөтүлөт. Бул француз телеканалы үчүн казак талаасында атайын тартылган фантастикалык картина. Быйылкы фестивалдын негизги темасы фильмдердин биргелешкен өндүрүшү болуп калды. Көрсөтүлгөн сегиз тасманын жарымы биргелешкен өндүрүштөр.
Малгожата Туар, Казакстан элдер ассамблеясынын достук элчиси:
Төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан казак киносунун фестивалы жыл сайын кеңейүүдө. Өнөргө күйгөн Франция үчүн казак киносу боюнча билимин ачуу же тереңдетүү өтө маанилүү. Маданият жана цивилизация жагынан абдан бай.
Которгон: Илгиз Жамалбеков