Улуу Абай Кунанбаевдин бай адабий мурасы чет өлкөлөрдөн кеңири аудиторияга жеткиликтүү болуп калды. Бул казак классигинин ишмердүүлүгүнө арналган эки илимий эмгек. Алардын бири Анкарада басылып чыккан англис тилиндеги жамааттык монография. Китепте ата мекендик жана чет элдик окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү берилген. Экинчиси - эки томдук аннотацияланган библиографиялык көрсөткүч. Анда абай таануу боюнча 12 миңден ашык аталыштагы басылмалар камтылган.
Алмас Шыңгыспаев, Евразия илим изилдөө институтунун ага кызматкери:
- Чет өлкөлөрдө, өзгөчө түрк өлкөлөрүндө Абайга кызыгуу бар. Булар Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан. Ал эми бул эмгектердин баарын биз алардын китепканаларынан, электрондук базаларынан таптык.
Жандос Аубакир, «Абай академиясы» илим изилдөө институтунун мүдүрү:
- Бул китептер абай таануучуларга да, жаш изилдөөчүлөргө да, Абайдын чыгармачылыгына кызыккандар үчүн да пайдалуу. Басылмалардын өзгөчөлүгү — аларда казак классикинин чыгармалары баяндалган.
Которгон; Илгиз Жамалбеков