Түркестан Нооруз майрамында туристтерди өзүнө тарткан негизги борборго айланды

Түркестан Нооруз майрамында туристтерди өзүнө тарткан негизги борборго айланды

Түркестан – Казакстандын руханий борбору. Нооруз майрамында байыркы шаарга чет элдик туристтердин агымы көбөйдү. Шаарда улуттук спорттун түрлөрү боюнча ири мелдештер өттү. Жаа атуу, тыйын эңмей, чүкө атуудан Азия биринчилиги, эр эңиштен республикалык турнир уюштурулду.

Миңден ашык адам бир убакта чүкө атып, Казакстандын рекордун жаңылады. Эл аралык таймашка Өзбекстан, Пакистан, Монголия, Түркия сыяктуу 11 өлкөдөн 40ка жакын спортчулар чогулду.

Кристина Карамышина, Көк бөрү жана улуттук спорт түрлөрү бирикмесинин президенти: /Орусия/

– Албетте, мени баарынан мурда акыркы бир нече жыл ичинде шаардын кандайча өзгөргөнү таң калтырды. Башкача айтканда, заманбап курулуш, түркүн түстүү архитектура, чыгыш жана азиялык дизайндын айкалышы даана байкалып турат.

Түрк дүйнөсүнүн борбору саналган шаарда көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Ат үстүндөгү аламанга дүйнөнүн төрт бурчунан 9 мамлекеттен 200дөн ашуун чабандес чогулду. Алар Түркестандагы жаңы ат майдандын түндүгүн түрүп, баш байге коюлган 30 млн теңге үчүн ат салышты.

Бенце Иштван, Этноспорт федерациясынын президенти: /Венгрия/

– Мен Казакстанга 47-чи жолу, ал эми Түркестанга - үчүнчү жолу келип жатам. Өлкөңөрдү абдан жакшы көрөм, мен ар дайым Казакстанга чоң кубаныч менен келем. Айрыкча, Нооруздун урматына улуттук спорт түрлөрүнөн ушундай масштабдуу мелдештер өтүп жатканы таң калтырды. Бүгүнкү катышуучулардын катарында биздин спортчулар да бар. Биз да Венгрияда ат спортун, анын ичинде көк бөрү оюнун активдүү өнүктүрүүдөбүз, ошондуктан бизге бул майрамдык рух абдан жакын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков