Казакстанда SUNREMO JUNIOR сынагы башталды

Казакстанда SUNREMO JUNIOR сынагы башталды

Казакстанда биринчи жолу эл аралык Sunremo Junior сынагынын улуттук этабы башталды. Анын жеңүүчүсү, Гран-при ээси келерки жылдын чын куран айында Италияда өтө турган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк ыр сынагында өлкөнүн атынан чыгат. Жалпысынан сынакка өлкөдөн үч жаш категориясы боюнча 10дон кем эмес бала катыша алат. 6дан 9га чейин, 10дон 12ге чейин жана 13төн 15ке чейин. Калган 9 катышуучу – өз жаш категориялары боюнча 1, 2 жана 3-орундардын жеңүүчүлөрү италиялык сахнадагы финалдык шоуга катышат. Айта кетсек, көрүүчүлөрдү таң калтыруу үчүн казакстандыктарга 15 мүнөт убакыт берилет. Ошондой эле, уюштуруучулар улуттук этаптын форматы тууралуу айтып беришти. Ал үч бөлүккө бөлүнөт. Биринчи тандоо онлайн, экинчиси - оффлайн форматында өтөт. Ага Казакстандын бардык аймактарынан жалпы 50 жаш аткаруучу кирип, алардын ичинен сынактын финалдык этабына катышуучулар аныкталат.

Айман Мусахаджаева, КАЗУИУ ректору:
- Sanremo Junior сынагынын милдеттүү шарттарынын бири - бардык катышуучулар симфониялык оркестрдин коштоосунда өнөр тартуулоосу керек. Дүйнөлүк деңгээлде белгилүү синглдар жана ырлар ырдалат. Ошондуктан биз аларды бул материал менен камсыз кылышыбыз керек. Бул казакстандык балдарга арналган абдан кадыр-барктуу сынакта таланттарын көрсөтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Аларды жалган куран айынын 2де Тынчтык жана Ынтымак сарайына даярданууга чакырабыз. Ал эми 3дө расмий телешоу уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков