Чабандес карыя бала кезинен бери жылкыга жакын өскөн. Азыр да карыянын кыймыл-аракети курч, баскан-турганы тың. Мунун сыры «аттан түшпөгөнүмдүн аркасында» дейт аксакал. Бүгүнкү күндө ал Сулутөбе айылындагы жаш чабандестердин ишенимдүү кеңешчисине айланган.
Калдан Шамшиев, пенсионер:
- Аттын күчтүүлүгү, жигиттин жүрөктүүлүгүнө байланыштуу болуп жатат.
Улуттук спортту даңазалап келе жаткан карыя серке союп, айыл жаштарына көк бөрү уюштурду. Атчандардын оюнуна толкунданган пенсионер эрен оюнга өзү да киришип кетти.
Шыңгыс Батырхан, чабандес:
- Ансыз бизде көк бөрү башталбайт. Ал келгенден кийин көк бөрүдөгү аттар жөнүндө айтып, бул атты таптоо керек, бул атты суутуу керек, бул ат көк бөрүгө жарайт деп айтып турат. Жалпысынан аттар тууралуу ошол кишиден үйрөнүп, карыядан тарбия алып келебиз.
Тулпар таптап жүргөн атабыз транспорттун каалаган түрүн айдай алат. Кайык менен балык уулоо да анын сүйүктүү иш болуп саналат. Эмгек менен сүйүктүү ишин катар алып жүрүү, Калдан аксакалдын 80ге чыкса да сергектигинин сыры ушунда болсо керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков