Казакстанда өзгөчө кырдаал режими аяктады

Казакстанда өзгөчө кырдаал режими аяктады

Бүгүн Казакстанда өзгөчө кырдаал режими аяктады. Эми бүтүндөй өлкө кадимки жашоого кайтып келет. Коомдук тартипти чыңдоо, эркин жүрүүгө жана калктуу конуштарга кирип-чыгуу чектөө чаралары алынып салынды. Алматы менен Жамбылда гана антитеррордук режим жана террордук коркунучтун “кызыл” деңгээли сакталат. Андыктан бул жерде куралдуу күчтөр күнү-түнү кайтарууну улантат. Блок-бекеттер алынып салынбайт. Ошондой эле, түн ичинде жүргөн адамдарды жана унааларды текшерүү иштери улантылат.

Ал эми Мангыстау облусунда түнкүсүн 8 блок алынып, аскердик техникалар чыгарылды. Бул жерде полиция кызматкерлери гана күчөтүлгөн режимде ишин улантат.

Калдымурат Айгараков, облусттук ПД ЖПК башкармасынын башчысы:

- Мындан ары коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында «Укук тартиби» оперативдүү-профилактикалык иш-чаралары өткөрүлөт. Абалды түшүнүү менен кабылдаганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков