Быйыл
133 миң казакстандык өлкөнүн колледждеринде акысыз билим алуу үчүн гранттарды утуп
алышты. Жалпысынан быйыл колледждерге 190 миңден ашуун абитуриент кабыл
алынган. Ошону менен бирге белгилей кетсек, өлкөнүн Билим берүү министрлиги
тараткан маалыматка ылайык, 2025-жылга чейин мамлекеттик буйрутманын 70%ы техникалык адистиктерге багытталат.
Алтай Рахимберлин, Окуу-агартуу
министрлиги департаментинин башкарма башчысы:
Белгилей кетсек, быйылкы жылы
элге билим берүү тармагына тапшырык 50 миң орунга чейин көбөйтүлгөн. Мамлекет
башчынын тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик буйрутма техникалык
адистиктерге багыт алды. Алардын ичинде геология, энергетика, металлургия жана
машина куруу, транспорт, IT, курулуш, педагогика, медицина багыттары бар.
Мындан тышкары квота категориясы боюнча окууга 75 миң абитуриент кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков