Moody’s агенттиги Казакстан боюнча болжолун жакшыртты

«Туруктуудан» - «Позитивге». Moody's рейтинг агенттиги Казакстанга карата божомолун өзгөрттү. Эл аралык агенттик өлкөнүн көз карандысыз насыялык рейтингин «Baa2» деңгээлине көтөрдү. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. Жакшыртылган болжол агенттиктин өлкөнүн экономикасын ар тараптандыруу реформаларына берген баасын көрсөтөт. Серепчилердин айтымында, мамлекеттин дарамети экономикалык кыйынчылыктарга туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашынан улам өстү. Рейтингдин көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасир эткен факторлор болуп мамлекеттик баланстын туруктуулугу, калктын карызынын аздыгы жана чет элдик валютадагы көп суммадагы каражат топтоо саналат. Мындан тышкары, агенттик мунайдан башка тармактарга инвестициянын олуттуу көбөйгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле, Казакстандын өнүгүп келе жаткан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын аркасында ачылып жаткан транспорттук-логистикалык хаб катары жаңы мүмкүнчүлүктөрү да айтылды. Жалпысынан Moody's талдоочулары Казакстандын экономикасы келечекте дагы өнүгөөрүн маалымдады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков