Казакстандын жаш окумуштуулары угуу жөндөмдүүлүгү чектелүү адамдарга ушундай мүмкүнчүлүк берген атайын программа ойлоп табышты. Актөбөнүн таланттуу окуучулары видео чалуулар учурунда сурдокотормосу бар тиркеме түзүштү. Окуучулар мындай ойлоп табууга 7 айга жакын убакыт коротушту. Раушан топтук иштин кодун жазса, Айдай долбоорго жасалма интеллектти киргизүүгө жооптуу болгон. Ал эми Камилла учурдагы бизнес-пландын дизайнын өз мойнуна алды. Долбоордун авторлору тиркемени колдонуу эч кандай көйгөй жаратпайт дешет. Аны колдонуу үчүн бир гана каттоодон өтүү керек. Андан кийин, тилди тандап, каалаган адам менен байланышка чыгууга болот. Кат алышуу үчүн жашыруун код менен атайын чат бар. Тиркеме жаңы чалуучуларды кошуу, ыңгайлуулук үчүн субтитрлерди жүктөп алуу, камераны өзгөртүү, видео жазууларды бөлүшүү сыяктуу функцияларды камсыз кылат. Ойлоп табуу ар кайсы өлкөлөрдөн келген угуусу чектелген адамдардын ортосундагы байланыш көйгөйүн чечүүгө багытталган. Бул жагынан алганда, дүйнөдө 300дөн ашык жаңдоо тили бар экенин белгилей кетүү керек.
Камилла Купамысова, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу:
- Жылдын аягына чейин бизде жумушчу модел даяр болду. Тестирлөө үчүн угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектепке жана колледжге бардык. Ал жерде биз прототиптин биринчи сыноосун өткөрдүк, бул абдан маанилүү кадам болду, биринчи кезекте стратегиялык өнүгүү жолун түздүк. Башкача айтканда, аны колдонуу ар бир адам үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу болушу керек. Ошондуктан изилдөө тобу менен жолугуштук. Алардын бизге айткан кеп-кеңештерин эске алып, долбоорду жакшыртууга кириштик.
Актөбө шаарынын окуучулары Астанада өткөн республикалык сынакта оригиналдуу долбоорлорун көрсөтүп, үчүнчү орунду ээлешти. Тиркемени ойлоп тапкан топ АКШ менен Италиянын беделдүү университеттеринде акысыз окууга мүмкүнчүлүк алды. Ата мекендик шакирттер келечектеги кесиптерин IT технологиялар менен байланыштырууну көздөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков