К. Токаев Европа кеңешинин президенти А. Кошта менен телефон аркылуу сүйлөштү

К. Токаев Европа кеңешинин президенти А. Кошта менен телефон аркылуу сүйлөштү

Европа тараптын демилгеси менен Касым-Жомарт Токаев менен Европа Кеңешинин Президенти Антониу Кошта телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү чыңдоо келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаев тараптар ортосундагы мамилелердин оң динамикасын, анын ичинде кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле соода, инвестиция, энергетика, логистика тармактарындагы байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Сүйлөшүүнүн соңунда Мамлекет башчысы Антониу Коштаны Казакстанга иш сапары менен келүүгө чакырды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков