Кызматтык
маалыматты коопсуз алмашуу үчүн сервис Казакстанда ушул жылдын күзүндө иштей
баштайт. Аяк оона айынын 15ине чейин бардык мамлекеттик
органдардын жана өлкөнүн квазимамлекеттик секторунун кызматкерлери AITU улуттук
мессенджерине өтүшү керек. Санариптик өнүгүү министрлиги WhatsApp жана Telegram
сыяктуу башка платформаларды жеке колдонууга эч кандай тыюу салынбайт деп
ишендирүүдө. Aitu ишкердик кат алышуу, жумушчу чаттар, ыкчам билдирүүлөр жана
мамлекеттик санариптик платформалар менен өз ара аракеттенүү үчүн гана негизги
курал болуп калат. Система файл алмашууга да, баарлашууга да ыңгайлуу.
Маалыматты коргоо үчүн Казакстанда жайгашкан маалымат борборлору жооп берет. Ал
эми Aitu'да Акорданын расмий жаңылыктары
жеткиликтүү. Мессенджер ошондой эле Eotinish кызматтарына, киного билеттерди
сатып алууга, видео көрүүгө жана аудиокитептерди угууга мүмкүнчүлүк берет. Эске
салсак, улуттук мессенджерге өтүү тапшырмасын өлкө президенти берген.
Рустам
Сагынбек, Казакстандын СӨИАӨ министрлигинин булуттук
чечимдер департаментинин башкармалыгынын жетекчиси:
- Айту – жөн гана мессенджер эмес, бул
бүтүндөй супер колдонмо, башкача айтканда, ал өзүнө е-отиниш менен интеграцияны,
ошондой эле кээ бир мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Ошондой эле, супер
колдонмо көңүл ачуучу, билим берүүчү жана жаңылыктар лентасын камтыйт. Музыка угуп, видео көрүп, тиркеменин ичинде
жасалма интеллект кызматтарын колдонсо болот. Ал жердеги бардык маалыматтар
Казакстан Республикасынын аймагында сакталат. Алар
Казакстандын мыйзамдарына баш
ийет.
Которгон: Назира
Бегалиева

