Атырау облусунда балык чарбасын өнүктүрүү боюнча 3 жылдык программа ишке ашырылат. Быйыл Каспий деңизинен, Кыгаш жана Жайык дарыяларынан 12 миң тоннага жакын балык алынды. Анын 11 миң тоннасы кайра иштетилип, чет мамлекеттерге экспорттолгон. Бүгүнкү күндө Атырау балыгына Өзбекстанда, Орусияда жана Израилде суроо-талап чоң. Келерки максат экспорттун көлөмүн жана чакан чарбаларды көбөйтүү. Курмангазы районунда жакынкы 2 жылда балык чарбасын өнүктүрүү үчүн 3,8 миллиард теңгеге 3 жаңы инвестициялык долбоор ишке ашырылат.
Артур Садибек уулу, облусттук балык чарба башкармалыгынын башчысы:
Өткөн жылы товардык балык чарбасын өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Анын 80 пайызы товардык балык өстүрүүгө багытталган. Ошол эле учурда Атырау облустук администрациясынын аймагында товардык балык өстүрүү иштерин баштадык. Азыр бизде 9 долбоор даярдалып жатат. Анын ичинен 2 долбоор чоң, калганы чакан. Бул долбоорлорду 2022-2025-жылдары ишке ашырууну пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков