Казакстандын чыгышында 200дөн ашык Аяз Ата жана аяз кыз
катышкан марафон старт алды. Жаңы жылдык майрамдардын башкы каармандары өлкөнүн
бардык булуң-бурчтарынан чогулушкан. Иш-чаралар үч күндүн ичинде өтөт. Ал эми старт
Риддерде берилди. Анда массалык лыжа жарышы, сүйүктүү баатырлардын түстүү
парады жана шаардын башкы балатысында чырактарды салтанаттуу жандыруу болду. Жүрүш
"Алтай Альпы" тоо лыжа базасынын аймагында уланат. Аяз ата менен аяз
кыздар конокторду ар кайсы жерлерде тосуп алып, майрамдык маанай тартуулашат. Фестивалдын
соңунда Өскемен сол жээк сейил багынын аймагында Аяз Ата резиденциясынын
салтанаттуу ачылышы болот.
Михаил Данилов, Аяз ата:
- Бул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем.
Кесиптештерге Аяз аталар үчүн маанилүү өнөктүктө ийгилик каалайм! Баарыңыздарды
майрамыңыздар менен!
Валентина Владимировна, Риддер шаарынын тургуну:
- Жаңы 2025-жылга үмүт чоң. Ооба, эң негизгиси жерибизде тынчтык болсун. Бүгүнкү майрамга бардык балдар кубанып жатышат, биз да, чоңдор да кубанып жатабыз. Мындай майрам бизде биринчи жолу болуп өттү. Мен мунун баарын көрүп, угуп, катышкым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

