Казакстан жүк ташууну жолго коёт

Казакстан жүк ташууну жолго коёт

Орусиядагы казакстандык жүктөрдү Латвиянын Рига жана Вентспилс порттору аркылуу ташууга болот. Эске сала кетсек, Европа Биримдиги менен Орусия Федерациясынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу эл аралык каттамдар токтотулуп, бир катар көйгөйлөр пайда болду. Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, буга байланыштуу Латвиянын тиешелүү органдары жана деңиз портунун администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мерчемделип жатат. Мындан тышкары, ата мекендик экспортчулар альтернативалык түрдө Актау жана Курык порттору аркылуу товарларды жеткире алышат. Бүгүнкү күндө Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын алкагында Актау менен Баку ортосунда үзгүлтүксүз контейнер жана Курык-Баку паром каттамдары түзүлгөн. Ошондой эле, транзит маселесин талкуулоо үчүн Азербайжан, Грузия жана Түркиянын компетенттүү органдары менен жолугушуу уюштуруу мерчемделүүдө. Казакстан менен Орусиянын темир жолчулары да логистикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Өлкөнүн тармактык министрлигинде транспорт жана логистика тармагындагы маселелер боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Эл аралык жүк ташуулардын катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн атайын ишеним телефону түзүлдү. Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков