50 жаштан ашкан казакстандыктар сайт түзүп, компьютердик программаларды жазганды, ар кандай тиркемелерди иштеп чыгууну үйрөнө алышат. Казакстанда Skills Enbek платформасындагы «күмүш жаш» долбоорунун алкагында азыркы рынокто суроо-талапка ээ болгон заманбап адистиктердин сырын үйрөнүүгө болот. Электрондук системада улгайган жарандар үчүн маркетинг, маалымат технологиялары, туризм, айыл чарба, каржы, билим берүү боюнча 100дөн ашык онлайн кесиптик курстар да жеткиликтүү. Ар бир адам дистанттык окутуунун тилин жана мазмунун тандай алат. Ошол эле учурда билим деңгээлин көзөмөлдөөгө болот. Курсту аяктаган колдонуучулар тастыктама алышат. Ал электрондук эмгек биржасында автоматтык түрдө резюмеге жүктөлөт. Анда дараметтүү иш берүүчү талапкердин кесиптик жөндөмүн көрө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков