Мастер класстар, концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү жана тематикалык экскурсиялар. Жыл сайын өтүүчү «Музей түнү» акциясынын алкагында борбор калаада бир катар маданий-агартуу иш-чаралары сунушталды. Салттуу иш-чара улуттук музейде отуз миңден ашык конокторду чогултту. Уникалдуу программа Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун жана Коргоо министрлигинин аскердик оркестрлеринин салтанаттуу дефилеси менен башталды. Ал эми «Астана Опера» театрынын чыгармачылык жамааты легендарлуу чет элдик классиктердин чыгармаларын аткарышты. Ошондой эле, меймандар байыркы экспонаттарды калыбына келтирүү жараянына күбө болушту. Мындан тышкары үч уникалдуу экспозиция ачылды. Өнөр сүйүүчүлөр коомунун назарына ата мекендик кылкалем чеберлери менен кол өнөрчүлөрүнүн мыкты эмгектери жана музей фондунун картографиялык көргөзмөсү тартууланды.
Абай Сатыбалдин, Улуттук музей мүдүрүнүн орун басары:
- Келгендерге биринчи жолу биздин коллекцияда мурда көрсөтүлбөгөн сүрөттөр сунушталды. Булар негизинен биздин классиктердин чыгармалары. Ошондой эле этнографиялык көргөзмө уюштурдук. Анын өзгөчөлүгү – буга чейин жарык көрбөгөн казактын кайталангыс сандыктарын көрүүгө болот. Алар биздин фонддо көпкө сакталып турган. Буга кошумча кол өнөрчүлөрдүн мыкты эмгектери коюлган чоң көргөзмө уюштурулду. Алардын көпчүлүгү жаш чеберлердин эмгектери. Бул акциянын негизги максаты – музейге келген конокторду маданий-маалыматтык түрдө руханий жактан азыктандыруу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков