Казакстанда туристтик кэшбектин жаңы механизми сунушталды

Казакстанда туристтик кэшбектин жаңы механизми сунушталды

Казакстанда туристтик кэшбэктин жаңы механизми сунушталды. Өлчөмү саякатчы топтом турунун бир бөлүгү катары канча күн эс алганына жараша болот. Мындай чаралар өлкөдө ички туризмди мындан ары да жандандыруу максатында колго алынууда.

 

Нуртас Байларов, спорт жана туризм министрлигине караштуу башкарма комитетинин башкы серепчиси:

-Бир түнү менен өткөргөн бир күн үчүн туристке турдун наркынын 5% өлчөмүндө компенсация төлөп берүү сунушталат. Ал эми калган эки күнгө созулса, анда турдун наркынын 10%ы. Үч күн болсо - 15%га чейин. 20% максималдуу кэшбэк төрт же андан көп күн эс алгандар үчүн төлөнөт. Механизмдин иш-аракетин бизнести, калкты жана бөлмөлөр менен камсыз кылууну колдоо максатында сезон азайган кездеги турларга жайылтуу сунушталууда. Туристтик кэшбэк тур компаниялардан жана базарлардан сатып алынган турлар үчүн төлөнөт. Маркетплэйс - эгерде кардардын каражаты болсо, экскурсиядан кийин дароо кэшбэк төлөйт. Андан кийин мамлекет бул чыгымдарды мойнуна алат. Ал эми туристтик компаниядан оффлайн форматында тур сатып алган учурда мамлекет форма түзүп, документтери менен арызын жөнөткөндөн кийин түз эле туристке кэшбэк жөнөтөт.

 

Бүгүнкү күндө долбоор иштелип чыгып, азыр туристтик рыноктун өкүлдөрү менен талкууланууда. Механизмдин алкагында катышуучуларга минималдуу талаптар каралган. Туроператорлор үчүн-ички туризм чөйрөсүндө иштөөгө лицензиянын болушу шарт. Ал эми базар турист үчүн да, туроператор үчүн да ыңгайлуу, ата мекендик өнүм болушу керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков