«Менин Ауэзовум» китеби түрк тилинде жарык көрдү

«Менин Ауэзовум» китеби түрк тилинде жарык көрдү

Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов тууралуу роман-эссе түрк тилинде жарык көрдү. “Менин Ауэзовум” деп аталган китептин автору академик-жазуучу Зейнолла Кабдолов. Көлөмдүү прозалык чыгарманын аталышы жана негизги сюжети казак адабиятынын классиги Мухтар Ауэзовдун өмүр баянына, тагдырына, жазганына негизделген. Ошондой эле романда анын окутуучулук ишмердиги бир нече өңүттөн чагылдырылган. “Чыгарманы башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүгү – инсандын окутуучулук, жазуучулук сапаттары айкалышып сүрөттөлгөндүгүндө” - дешет интеллектуалдар.

Мурат Ауэзов,  коомдук ишмер:

- Бул мугалим менен окуучунун мамилесинин чыгыш салты. Алар өз өмүрүн чыгармачылык менен далилдешти. Мухтар Ауэзовду улуу түрк эли дагы бир жолу тааныды.

Султан Раев,  эл аралык түрксой уюмунун баш катчысы:

- Китепте Мухтар Ауэзовдун басып өткөн жолу, бир туугандары, бүтүндөй адамдык позициясы чагылдырылган. Түркияда жарык көрдү. Жакшы кабыл алышты. Түрк дүйнөсүнө чоң руханий азык берет деп ойлойбуз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков