Бирдин айынын 18-19да Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго жумуш сапары менен барат. Ал жерде Тынчтык кеңешинин алгачкы отурумуна катышат. Саммиттин жүрүшүндө Газа секторундагы абалды турукташтыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Атап айтканда, тынчтыкты орнотуу, коопсуздукту камсыз кылуу жана гуманитардык жардам жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууга басым жасалат. Ошондой эле сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев америкалык ири компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

