Азербайжандык тарыхчы, саясат таануучу Теймур Октайоглу Атаевдин Абай Кунанбай уулу тууралуу эмгегин «Абайдын улуулугу» деп атады. Чыгарманы жазуу идеясы авторго Казакстанга болгон сапарында келген. Казак эли менен таанышкан учурда даанышмандын атын көп угуп, анын чыгармалары менен тааныша баштаган. Башында макала басылып, кийин толук жыйнак чыккан. Жазуучунун айтымында, Абайдын мурасы түбөлүктүү. Аны кечеги күн менен гана эмес, бүгүн, эртең менен тыгыз байланыштырууга болот. Ал улуу акындын чыгармалары казактар үчүн гана эмес, адамзат үчүн да баалуу мурас экенин айтат. Белгилей кетсек, аталган китептин бет ачары борбор калаада Азербайжан Республикасынын элчилигинин колдоосу менен өттү.
Теймур Октайоглу Атаев, китептин автору
- Абай улуу инсан. Анын эмгектери бүгүнкү күндү айтып жаткандай. Айтор, бир кылым мурда көтөргөн темалары бүгүнкү күндө актуалдуу. Абайды казактын гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн агартуучусу, окумуштуусу деп эсептешет. Ырасында ушундай. Ал ар дайым өзөктүү темаларды көтөрүп, айтып кеткен инсан. Мен аны кээде биздин агартуучуларыбыз жана Фатали Ахундов, Габдулла Токай менен салыштырам. Бул окумуштуулар илимди, билимди бизге калтырып кеткен десем жаңылышпайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков