Медициналык авиация

Медициналык авиация

Тез жардам кызматынын дарыгерлерине эки эсе ылдамдыктагы «L-410» лайнери пайдаланууга берилди. Ал бир эле учурда бир нече бейтаптарды ташый алат. Облустун медицина адистери мурда алыскы калктуу конуштарга «АН-2» самолеттору менен жардам көрсөтүп келишкен. Ал ортодо Тез медициналык жардам көрсөтүү боюнча улуттук координациялык борбор учакты жабдууга жардам берди. Лайнер Павлодар, Өскемен, Аягөз жана Уржар айылдарына каттамдарды жасайт.

Нажия Пронина, облусттук тез медициналык жардам станциясынын чукул жана пландуу кеңеш берүү бөлүмүнүн жетекчиси:

- «АН-2» самолёту менен буга чейин 2 саат 20 минута учуп келсек, бүгүн бул жерге 60 минутада жеттик. Абдан жакшы! Биринчи рейсибиз менен Уржар районуна барып, инсульт болгон кош бойлуу аялды шаарга жеткирдик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков