«Berlin Bazaar-2023» коноктору казак маданияты менен кол өнөрчүлүгүнө суктанышты

Улуттук кийим үлгүлөрү, зергер буюмдар, жыгачтан жана булгаарыдан жасалган био жана эко өнүмдөр. Германияда өтүп жаткан дүйнөдөгү эң ири эл аралык «Berlin Bazaar» көргөзмөсүндө казакстандык дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр уникалдуу эмгектерин тартуулашты. Улуттук павильондун коноктору казак элинин маданиятына, үрп-адаттарына жана салт-санааларына күбө болушту. Ошондой эле, өлкөнүн туристтик дарамети менен тааныштырылып, кооз жаратылышы жана курорттук аймактары тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

- Көргөзмөдө коюлган казак маданияты жана искусствосу бизди таң калтырды. Меймандостук көрсөтүп, жакшы кабыл алды. Мага өзгөчө улуттук тамактары жакты, абдан даамдуу. Павильондо коюлган ар бир буюм бизди кубандырды.

- Казакстан укмуштуудай өлкө. Бул көргөзмөдөгү эң чоң павильон сиздердики болду. Мага кышкы улуттук кийимдер, моюн орогучтар, улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн паранжалар абдан жакты. Бул европалыктар үчүн таң калыштуу. Казак коллекциясы уникалдуу, аны көптөгөн мода көргөзмөлөрүндө көрсөтүүгө болот.

- Кокноктордун баары чоң кызыгуучулук көрсөтүп жатышат. Бул биздин маданиятыбызды жайылтууга чоң мүмкүнчүлүк деп айта алам.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков