Казакстандын көпчүлүк бөлүгүндө апатаптуу ысык болот

Казакстандын көпчүлүк бөлүгүндө апатаптуу ысык болот

Синоптиктер эскертүү жарыялады! Баш оона айынын башында өлкөнүн 10 аймагында күн катуу ысыйт деп күтүлүүдө. Болжол боюнча абанын температурасы 42 градуска чейин көтөрүлөт. Натыйжада өрт коркунучу жогору.

Жамбыл облусунда күндүн ысыгы менен бирге катуу шамал жана чаң бороон болушу мүмкүн. Өлкөнүн түндүк аймагында да аба ырайы ысык болот.

Адистер жарандарга күндүн ысыгында көчөгө чыкпоого жана жигердүү физикалык машыгуулардан алыс болууга кеңеш берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков