Казакстандагы саясий өнөктүккө 2 күн калды

Казакстандагы саясий өнөктүккө 2 күн калды

Ушул жекшемби, жалган куран айынын 19да өлкө жарандары Парламент Мажилисине жана бардык деңгээлдеги маслихаттарга жаңы депутаттарды шайлашат. Учурда үгүт иштери уланууда. Үгүт өнөктүгү жалган куран айынын 18де аяктайт. Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн алгачкы жыйынтыктарын чыгарды.

Леонид Анфимов, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башкы катчысынын биринчи орун басары:

- Шайлоону уюштуруучулар миссиянын өкүлдөрүнө комиссия мүчөлөрүн окутуу, шайлоочулардын тизмелерин даярдоо, жарандарды маалымдоо жана жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгү тууралуу маалымат беришти. Узак мөөнөттүү байкоочулар өнөктүккө мониторинг жүргүзүүгө басым жасады. КМШнын байкоочулары БШК тарабынан уюштурулган кезексиз шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча бир катар кеңейтилген семинарларга жана консультацияларга катышты. Бардык жерде шайлоо компаниясын даярдоодо комиссия мүчөлөрүнүн жогорку кесипкөйлүгү жана формалдуу эмес мамилеси белгиленди. Шайлоо участкаларынын жабдылышы да айтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков