Медицина тармагына киргизилген инновациялар

Медицина тармагына киргизилген инновациялар

Казакстанда медициналык туризм активдүү өнүгүп жатат. Айрыкча акыркы кездери чет элдик жарандардын тандоосу көбүнчө жергиликтүү медициналык мекемелерге туура келип жатканы байкалууда. Өлкөдөгү суроо-талапка ээ болуп жаткан медициналык уюмдардын бири президенттик клиника. Бул жерде инновациялык долбоорлор ишке ашырылып, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү кеңейүүдө. Быйылкы жылы эле дарылоо жана диагностикалоо боюнча 13 жаңы медициналык технология киргизилген.

Диагнозду так аныктап, толук медициналык кароодон өтүүнү каалагандар клиникага Казакстандын бардык аймактарынан агылып келишет. Бул жерди тандаган чет элдиктер да аз эмес. Жакында ачылган дарылоо-диагностикалык бөлүмдөн Германия, АКШ, Улуу Британия сыяктуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин жарандары дарыланып, ден соолугун чыңдоого жетишишкен. Алардын тандоосу бекеринен эмес. Бул жерде КМШда теңдеши жок уникалдуу диагностикалык аппарат орнотулган.

Игорь Берестюк, Казакстан Республикасы Президентинин Иш башкармасы Медициналык борборунун бөлүмүнүн ага-дарыгери:

Бизде медициналык туризм жакшы өнүккөн, башкача айтканда, башка өлкөнүн жарандары бул жерге келип текшерилип, диагноз койдуруп, дарыланышат. Биз мээ, жүлүн, моюн, көкүрөк жана бел омурткаларын, муундарды, ошондой эле ич көңдөйү сыяктуу организмдин системаларын кылдат текшеребиз.

Оорукананын заманбап дарылоо-диагностикалык блогу 200 орунга ылайыкталган. Башкача айтканда, мындан ары клиника адаттагыдан эки эсе көп бейтаптарды кабыл ала алат. Ал жылына 8 миңге жакын адамды дарылоого жөндөмдүү.

Андрей Авдеев, Казакстан Республикасы Президентинин Иш башкармасы Медициналык борборунун башчысы:

Биз эң мыкты чет элдик медициналык технологияларды киргизүүгө кызыкдарбыз. Негизинен бул Европа менен АКШнын тажрыйбасы. Биздин негизги милдетибиз – адамдардын инновацияга тез жетүүсүн камсыз кылуу.

Талгат Оразов 20 жылга жакын тажрыйбасы бар хирург-дарыгер. Пландуу жана тез жардам операциялар менен катар лапароскопия боюнча шаардык кесиптештерине атайын роботтоштурулган жабдыктар боюнча күн сайын тренинг өткөрөт. Бул италиялык аппарат операциялык бөлмөгө орнотулган. Мында жума сайын 7—8 дарыгер профессионалдык такшалмасын жогорулатат.

Талгат Оразов, Казакстан Республикасы Президентинин Иш башкармасы Медициналык борборунун хирург-дарыгери:

Дарыгер белгилүү бир аралыкта жашайт. Башкача айтканда, хирург бейтаптын жанында болбойт. Анын жанында жардамчы жана медайым коштоп, дарыгерге жардам берип, жабдууларды алмаштырып турат. Операция 3D көз айнектин жардамы менен жасалат. Анын сапаты абдан жогору. Баары 4K форматында көрсөтүлөт. Бул келечекке жасалган кадам.

Белгилей кетсек, жыл сайын оорукананын клиникалык практикасына 25ке жакын инновациялык технологиялар киргизилет. Анын максаты — бейтаптарды дарылоо жана диагностикалык кызматтардын сапатын жогорулатуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков