Казак-америкалык коомчулук көптөн бери пландап жүргөн долбоор жаңы жылдан тарта ишке аша баштады. Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап жаткан Жанар Көбекбай жумасына бир жолу балдар жана чоңдор үчүн казак тили сабагын өткөрөт. Келгендерди кызыктыруу үчүн үч багытта сабак өтүп жатканын айтат. Сүйлөө көндүмдөрү, грамматика жана чөлкөм таануу деп өткөрүлөт. Балдардын деңгээлине жараша окуу-методикалык куралды өзү түзүп чыккан. Анткени, казак тилин үйрөтүүчү китептердин мазмуну, тапшырмалары өтө оор. Азырынча балдар казакча тамгаларды айтып, жөнөкөй сөздөрдү үйрөнүп жатышат.
Розлана Алытнбекова, ата-эне:
- Эне тилибизди сактоо абдан кыйын болуп калды. Бул казак тили курсу ачылганда биз дароо келип, кубандык.
Жанар Көбекбай, Какз тилин үйрөтүүчү волонтер:
- Казак тилин орус тилдүүлөргө үйрөтүү менен чектелет. Казак тилин англис же башка да чет тилдерин билген адамдарга арналбаган. Ал эми бул казак тилин унутуп бара жаткан балдар бир гана Америкада эле эмес, ал дүйнө жүзү боюнча чет мамлекеттерде жашаган казактардын башкы көйгөйү деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков