Азыр республикада 16 батирден ашпаган 10 минден ашык турак-жай бар. Чакан объектилер мүлк ээлеринин бирикмеси же толук өнөктөштүк үчүн натыйжасыз. Бул учурда жашоочуларга түз биргелешип башкаруу сунушталууда. Парламент турак жайга байланыштуу ушул жана башка жаңы нормаларды камтыган мыйзамды жактырды. Документ мамлекет башчысына кол коюуга жөнөтүлдү. Мыйзам ошондой эле үй башкаруу формасын тандоо боюнча менчик ээлеринин ортосундагы талаштарды жөнгө салат. Буга байланыштуу турак жай инспекциясына бир жылга чейинки мөөнөткө убактылуу башкаруучу компанияны аныктоо укугу берилет. Ошондой эле, курулуш подрядчысынын жаңы башкаруу объекти түзүлгөнгө чейин алты айга чейинки мөөнөткө башкаруучу компанияны тартууга мүмкүнчүк каралган. Сенатор Бауыржан Каниевдин берген маалыматына караганда, башкаруунун жаңы формаларына өтүү реформасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн 85 пайызы өнөктөштүктү, ал эми менчик ээлеринин 11 жарым пайызы гана ассоциацияны тандаган.
Бауыржан Каниев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Көп батирлүү турак жайларды башкаруу механизмин өркүндөтүү жана турак-жай мамилелеринин субъекттеринин айрым функцияларын тактоо; кондоминиум объекттерин башкарууда жана тейлөөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана бул процесске батирлердин ээлери менен турак эмес жайларды активдүү тартууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков