Өлкө жарандарынын 70 пайызы Казакстан туура багытта өнүгүп келет деген пикирде. Социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай. Бул тууралуу дүйнөлүк трансформация мезгилиндеги Казакстанды өнүктүрүү боюнча талдоочулук форумда мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин билдирди. Ага Кытай, Корея, АКШ, Азербайжандан келген серепчилер катышып, өз ойлорун ортого салышты. Жыйынга катышкан эл аралык адистер Казакстандагы саясий реформалардын жүрүшүнө жогору баа беришти.
Джейкоб Зейн, Джорджтаун университетинин профессору:
Борбордук Азиянын аймагында президент негизги жана түзүүчү ролду ойнойт. Казакстанда парламенттин ролун күчөтүүгө көңүл бурулуп жатат. Бул өлкөдөгү демократиялаштырууга жана жарандык коомду чыңдоого оң таасирин тийгизет. Ошондой эле саясий чөйрөдө ар түрдүү пикирлердин көбөйүшүнө жол ачат.
Санчел Ким, Ханкук университети, Борбордук Азия институтунун профессору:
Казакстандыктар өз пикирин активдүү билдирүүгө ынтызар. Мамлекеттик башкарууга да аралашууга дилгир. Шайлоодон кийин өлкөдө мындай өзгөрүүлөр болоруна ишенем. Элдин мамлекеттик деңгээлде жигердүү катышуусу башкаруу процессинин чоң демилгеси.
Азыр жаңы Казакстандын пайдубалы түптөлдү. Ал эми аны улантуу үчүн элдин колдоосу керек. Ошол эле учурда коомчулук алдыдагы шайлоодо өз оюн ачык көрсөтө алат