«Баш мыйзам – мамлекеттүүлүктүн таянычы» аттуу көргөзмөсү

«Баш мыйзам – мамлекеттүүлүктүн таянычы» аттуу көргөзмөсү

Кулжа айынын 5де өткөн республикалык референдумдун материалдары биринчи жолу системалуу түрдө коомчулукка көргөзүлдү. Алар менен “Назарбаев борборундагы” көргөзмөдөн таанышууга болот. “Баш мыйзам мамлекеттүүлүктүн таянычы” аттуу көргөзмө Конституция күнүнө карата атайын уюштурулуп жатат. Талаа демократиясынын алгачкы укуктук мыйзамдары боюнча материалдар келгендердин назарына коюлду. Анда «Касым хандын кашка жолунан» баштап Абай Кунанбай уулунун «Карамола эрежесине» чейинки казак коомундагы маанилүү мыйзамдар тууралуу маалыматтар камтылган. Экспозицияда эгемендүүлүктөн кийинки мезгилди чагылдырган архивдик документтер, сүрөттөр да орун алган.

Күлайша Актаева, Казакстандын Туңгуч Президенти-Эл Башы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:

- Бул жерде биздин көрсөткөнүбүз биринчи этаптан баштап “Улуу Талаанын мыйзамдары” тууралуу баяндаган экспозиция. Андан соң 1995-жылкы Конституцияга 1993-жылдан бери эгемендүүлүк доорунда киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу баяндаган экспозиция. Ал эми  акыркы бөлүгүндө 2022-жылы өткөн референдум тууралуу толук кандуу документтерди көрсөтүп жатабыз. Эми бул өзгөчө окуя экенин айткым келет. Анткени Борбордук комиссиянын колдоосу менен биз бул документтерди биринчи жолу коомчулукка чыгаруудабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков