Казакстандыктар өлкөнү тез-тез кыдырып чыга башташты. Республикада ички туристтердин рекорддук саны катталды. Өткөн жылы гана алардын саны дээрлик жети миллион адамга жетти. Бул тууралуу республиканын Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Ведомство белгилегендей, жыл аягына чейин 8 миллион ички туристтин келиши күтүлүүдө. Ошентип, 2022-жылдын алты айында жайгаштыруулардын толушу 28% дан ашты, бул пандемияга чейинки деңгээлден жогору. Туризм акырындык менен калыбына келүүдө. Алты айдын жыйынтыгы боюнча мындай саякатчылардын саны дээрлик 2,5 эсеге өсүп, 300 миңдей адамга жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков