Мажилисте чет өлкөлүктөргө жер сатууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды

Мажилисте чет өлкөлүктөргө жер сатууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды

Парламент чет элдиктерге жер сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун кароого алды. Учурда Төмөнкү палатанын депутаттары жер мамилелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин карай башташты. Мажилистин Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ерлан Барлыбаев белгилегендей, документ Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин мыйзам чыгаруу демилгеси катары Парламентке сунушталды. Президент жер маселесине чекит коюунун зарылдыгы жөнүндө бирдин айынын 25де өткөн Улуттук Кеңештин жыйынында айткан.

«Элибиз үчүн жер маселеси ар дайым маанилүү болуп келген. Бул биздин мамлекеттүүлүктүн бекем негизи жана символу. Жер чет элдиктерге сатылбайт деп мен бир эмес, бир нече жолу айткам. Бул тууралуу ушактарды токтотуш керек. Буга байланыштуу мен конкреттүү маанилүү чечимдерди кабыл алдым: чет элдиктерге жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга айыл чарба жерлерин сатууга жана ижарага берүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салууну тапшырам».

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти

Мыйзам долбоору бир катар жеке жана юридикалык жактар үчүн жеке менчикке жана айыл чарба багытындагы жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга тыюу салууну көздөйт. Анын ичинде - жарандыгы жок адамдарга, чет өлкөлүк компанияларга, чет өлкөлүк катышуусу бар ата мекендик компанияларга, чет элдик уюмдарга, ошондой эле, эл аралык катышуудагы изилдөө борборлоруна. Маалыматка ылайык, документтин корутундусу адистештирилген комитет тарабынан даярдалып, андан кийин Палатанын кошумча талкуусуна коюлат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков