Ар бир адам АКШда окууга укуктуу. Бүгүнкү күндө мамлекеттик программадан тышкаркы өз билиминин аркасында чет элдик гранттарды утуп алган мекендештер да жок эмес. Алардын арасында казакстандык Дамира Нурпейисова да бар. 4 тилде эркин сүйлөгөн Дамира Филадельфиядагы Темпл университетинин грантын утуп алып, менеджмент боюнча магистратурада билим алууда. Жогорку окуу жайы - Америкадагы бизнес тармагында билим берүү боюнча мыкты университеттердин бири болуп саналат. Анын грантын утуп алуу үчүн терең билим жана тил билүү деңгээли өтө жогору болушу керек. Казакстандык студент океандын ары жагында алган билимин келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө жумшайм дейт.
Дамира Нурпейисова, Темпл университети, Фокс бизнес мектебинин магистранты:
- Америка менеджмент жаатында абдан өнүгүп кетти. Эми буюрса илим-билимди алып, андан соң Казакстанга кайтып келип, өзүмдүн топтогон тажрыйбам менен билимимди Казакстандын өнүгүшүнө салым кошкум келет. Ушундай пландарым бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков