Жайкысын ар бир үй-бүлөнүн эле чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт, жок дегенде жаратылыш койнунда сейилдөөгө чамасы келбей же убакыт жок экендиги белгилүү. Эртеден кечке чейин колу бошобогон ата-энелер балдарынын эс алуусу текке кетпеши үчүн ар кандай ийримдерге алып барышат. Быйыл борбордо 4 жаңы кошумча билим берүү борбору түзүлдү.
Бул класста балдар барабанда ойногонду үйрөнүшөт. Тамыры терең ыйык аспаптын сырын үйрөнүү оңой эмес. Бирок домбра черткен окуучулардын саны көбөйүп, улуттук өнөрдү жатык үйрөнүүгө ынтызармын дегендердин катары калың.
Бекзат Прилепесов, кошумча билим берүү педагогу:
- Бир айдын ичинде кенже жана жогорку класстардан турган топ түзүлүп, балдар дайыма сабакка катышып турушат. Чоңдор тобу 10дон15 жашка чейин. Жаш топто 5тен 9га чейинки жаш курактыгалар.
Учактарды моделдөө. Бокс. Хореография. Бир жарым миң адамга ылайыкталган борбордо балдар 11 ийримдин ичинен каалаганын тандай алышат. Суроо-талап абдан жогору - дешет тармак адистери.
Берик Туямашев, аль-Фараби атындагы окуучулар ордосу мүдүрүнүн орун басары:
- Ийримдерге катышууну каалагандар көп. Учурда тизме түзүлүүдө. Аяк оона айында толугу менен кошулат. Азырынча домбра, робототехника, блогерлик ийримдери иштеп жатат.
Борбордогу окуучулар ордосунда жүзгө жакын ийрим ачылган. Азыр аларда кошумча билим алган 12 миңден ашык өспүрүм окуйт. Арасында чет элдиктер да бар.
Роза Сейитжанова, кошумча билим берүү педагогу:
- Алар көбүнчө улуттук ийримдерге кызыгышат. Биздин оймо-чиймелерибиз жагат. Улуттук буюмдарды жасап, Америкага барганда досторуна сый-белек катары берген.
Мындан тышкары, борбор калаанын 92 мектебинин жанында төмөнкү муундагы окуучулар үчүн атайын жайкы лагерлер ачылган. Натыйжада 93 миңден ашык шаар жашоочулары кошумча билим менен камсыз болгон. Шаардын «Темиржол» жана «Көктал» кичи райондорунда эки маданият борборун түзүү көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков