Касым-Жомарт Токаев «Хабар» агенттиги башкармалыгынын төрагасы Берик Уалини кабыл алды. Президентке агенттиктин алкагындагы телеканалдардын иши тууралуу маалымат берилди. Берик Уали президентке жакынкы аралыкта ишке ашырыла турган долбоорлор жана маалыматтык, коомдук-саясий, билим берүүчү контентти түзүү тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда агенттиктин маанилүү ролун белгилеп, «Хабар» телеканалдар тобунун ишин учурдун талабына ылайыкташтырууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков