Казакстанда кошумча нарк салыгы 16 пайыз өлчөмүндө, ал эми салык жүгүртүүсүнүн төмөнкү чеги 40 миллион теңге өлчөмүндө белгилениши мүмкүн. Мажилис муну көздөгөн Салык кодексинин долбоорун биринчи окууда жактырды. Документти депутаттарга Премьер-министрдин орун басары-Улуттук экономика министри сунуштады. Серик Жумангарин белгилегендей, жаңы редакциядагы жеке киреше салыгы кирешелердин көлөмүнө жараша белгиленет. Ошондой эле ал, салык отчетун тапшыргандардын саны 30 пайызга кыскарарын белгиледи. Социалдык маанилүү тамак-аш азыктары, китеп басып чыгаруу жана археология кошумча нарк салыгынан бошотулат. Бул реформа агроөнөр жай тармагында олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Документтин алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 70 пайыздык жеңилдик калтыруу сунушталууда. Жаңы кодексте жеке ишкерлик үчүн да оптималдуу шарттар каралган.
Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:
- Кошумча нарк салыгы боюнча жалпы макулдашууга келишти. Бул чоң иш. Бул бүгүнкү күнгө чейин коомду тынчсыздандырган эң актуалдуу маселе. Ар ким өз кирешесине жараша салык төлөйт деген жыйынтыкка келдик. Соода-сатык, кызмат көрсөтүү, товар өндүрүү менен алектенген чакан жана орто бизнес үчүн атайын салык режими колдонулат. Бир сөз менен айтканда бул тууралуу депутаттар да айтты. Карапайым элдин чөнтөгүнө оорчулук келбейт. Жаңы салык саясаты ушул максатты көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

