Казакстандык окуучу Кажымукан Мунайтпас уулу тууралуу комикс жасады. Рамазан Сүгирбай атактуу балбанга байланыштуу көп маалыматтарды изилдеп, аны сүрөттөп, кооздоп берген. Актаулук жаш талант комиксти баш аягы 1,5 айда даярдаган. «Максатым чет элдик эмес, өз баатырларыбыз менен балбандарыбызды комикс аркылуу даңазалоо»- дейт жаш сүрөтчү.
Рамазан Сүгирбай, окуучу:
– Бир жарым ай болду. Кыйынчылык адамдардын өзүн тартууда эмес, арттагы фонду тартууда. Тоолорду, булуттарды окшоштуруу кыйын. Мурда күрөшкө катышчумун. Ошон үчүн жакын болду.
Кажымукан Мунайтпас уулу жөнүндөгү комикс 15 беттен турат. Азырынча басмаканадан 200 даана нускасы чыкты. Автор аны мектепке чейинки балдар борборлоруна жана бала бакчаларга тараткан.
Бактыгүл Мырзабеков, мектеп-гимназия мудүрүнүн орун басары:
– Мисалы, жалаң комикс десек, балдар жалаң чет элдик комикстерди окушат. Ошон үчүн кайсыл багытта болбосун жомок, коомчулуктун эң чоң көйгөйү болгон айлана-чөйрөнү коргоо, азыр бул жаатта мамлекет тарабынан каржылык колдоо, сынактар көп болуп жатат. Балдарды ушинтип тартуу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков