Мажилис санариптик кодексти кабыл алды

Мажилис санариптик кодексти кабыл алды

Казакстандыктар жасалма интеллект кабыл алган чечимди адамдын кайра карап чыгуусун талап кылууга укуктуу. Мажилис тармактын ушул жана башка жаңылыктарын камтыган санарип кодекс менен ага эки кошумча документти кабыл алды. Кодекс жеке маалыматтардын коопсуздугун, санариптик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн, сандык кызмат көрсөтүүдө экономикалык жана коомдук кызыкчылыктардын тең салмактуулугун камсыз кылууга багытталган. Анын алкагында биринчи жолу мыйзамдуу күчкө ээ санариптик документ жана өз алдынча аткарылууга милдеттүү болгон смарт-келишимдер түшүнүгү бекитилди. Жалпысынан мыйзам маалыматтар экономикасын өнүктүрүүгө жол ачат. Ошентип, жасалма интеллектти өнүктүрүүгө керектүү маалыматтар менен алмашуу, дүйнөлүк рынок менен байланыш орнотуу көздөлгөн. Депутаттар документ мамлекеттин санариптик архитектурасын калыптандырып, коомдук мамилелердин бардык тармагын камтыганын белгилеп жатышат. Башкача айтканда, ал Казакстандын президенти белгилеген үч жыл ичинде санариптик өлкө куруу милдетине ылайык кеңири масштабдуу доктринага айланат.


Екатерина Смышляева, Парламент мажилисинин депутаты:


- Бүгүнкү күндө Казакстан санариптештирүү тармагындагы бир катар эл аралык демилгелерди колдойт жана алардын демилгечиси болуп саналат. Кодекстин эрежелери адам укуктарын коргоонун жана санариптик чөйрөнү жөнгө салуунун эл аралык стандарттарына ылайык келет. Долбоордун ишине жүздөн ашык юрист окумуштуулар, жарандык укук тармагындагы серепчилер, бизнес өкүлдөрү, маалыматтык коопсуздук адистери катышты. Биз долбоорду талкуулоо үчүн ачык ресурстардан миңден ашык сунуш алдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков