Мамлекет башчысы Жогорку Сот кеңешинин төрагасы Денис Шиппти кабыл алды

Мамлекет башчысы Жогорку Сот кеңешинин төрагасы Денис Шиппти кабыл алды

Бул тууралуу президентке Жогорку соттун кеңешинин төрагасы баяндады. Денис Шипп өлкөдөгү соттор корпусунун абалы тууралуу маалымат берди. Жогорку Сот кеңешинин төрагасынын айтымында, сот корпусунун курамын жаңылоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында өткөн жылы судьялык кызматка көрсөтүлгөн адамдардын саны сот тутумунан кеткен судьялардын санынан ашып кеткен. Ошону менен бирге, биринчи жолу укуктун айрым тармактары боюнча юристтер арасында сынак өткөрүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү райондук деңгээлден өтүп, дароо облустук соттун судьясы боло алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков