К.Токаев бир нече өлкөнүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

К.Токаев бир нече өлкөнүн президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында бир катар мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады. Румыниянын лидери Клаус Иоханнис менен жолугушууда мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тез өнүгүп жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө эки тараптуу сооданын көлөмү 20%га өсүп, 1 миллиард 300 миллион долларга жетти. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жаңы дем берүү үчүн Өкмөттөр аралык комиссия менен Ишкерлер кеңешинин ишин жандантуу керектигин айтты.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

-Биз Румынияны дос өлкө катары эсептейбиз. Биз сиздин өлкөңүздүн тарыхын, жүргүзүп жаткан саясатыңызды, элиңиздин каада-салттарына сый менен карайбыз.


Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаев Черногория президенти Яков Милатович менен жолугушууда 2024-жылы Подгорицада Казакстандын консулдугун ачуу планы тууралуу айтты. Мамлекет башчынын айтымында, бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы бизнести жана инсандар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

-Биздин мамлекеттердин арасы жакындай түштү. Анткени жарандарыбыз Астанадан Подгорицага түз каттам менен учат. Визасыз режимди жыл сайын 40 миңден ашык адам колдонот. Казакстандын жарандары жумушчу эс алуу үчүн Черногорияга учуп барышат. Албетте, бул биздин өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелерди жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет.


Ошондой эле, Казакстан Португалия менен мамилени арттырууга ниеттенүүдө. Мамлекет башчылары IT тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Ал эми Монголиянын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну жана эки өлкөнүн Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады. Кениянын президенти менен жолугушууда өз ара сооданы көбөйтүү сүйлөшүүлөрдүн негизги темасына айланды. Мамлекет башчысы өз ара кызматташууну чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн Кенияга соода миссиясын жөнөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин Нью-Йоркко жумушчу сапарынын программасы Корея Республикасынын Президенти менен жолугушуусу менен аяктады. Юн Сок Ёль белгилегендей, кореялык компаниялар Казакстан менен унаа жасоо, тоо-кен өндүрүшү жана өзөктүк энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорго кызыкдар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.