Евразия экономикалык комиссиясынын купуя маалыматтарды коргоо жана иштетүү тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн анын жоопкерчилиги аныкталды. Мажилис муну жөнгө салган документке жаңы өзгөртүүлөрдү бекитти. Мындан тышкары протоколго бир катар редакциялык өзгөртүүлөр киргизилди. Бул жаатта тараптар деген сөздөр мүчө мамлекеттер, бирдиктүү, жалпы жана кызматкерлер, кызмат адамдары жана кызматчылар деген сөздөргө алмаштырылды. Айта кетсек, мындан 8 жыл мурун Казакстан, Орусия жана Беларусь мамлекеттери кол койгон келишимге Кыргызстан менен Армения кийинчерээк кошулган.
Серик Жумангарин, Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы:
- Комиссия трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик бийлик органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан жашыруун маалыматтарды, анын ичинде арыздарды кароо, тергөө жүргүзүү жана иштерди кароо сыяктуу купуя маалыматтарды сурайт жана алат. Протоколду ратификациялоо жана кабыл алуу Евразия экономикалык комиссиясынын Евразиялык экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык атаандаштыктын жалпы принциптеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын толугу менен ишке ашырууну камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков