Мажилис депутаттары Казакстандын Конституциялык соттун судьяларын дайындады

Мажилис депутаттары Казакстандын Конституциялык соттун судьяларын дайындады

Депутаттар бул кызматка Канат Мусин, Еркин Онгарбаев жана Сергей Ударцевди татыктуу деп табышты. Белгилей кетсек, парламенттин ар бир палатасы жаңы түзүлгөн Конституциялык соттун үчтөн судьясын дайындайт. Алар 2023-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта ишин башташат. Ошондой эле, жылдын акыркы жыйынында парламенттин төрагасы быйылкы жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

Ушул жылдын ичинде бардык региондорду, айыл аймактарды кыдырдык. Коомчулуктун муктаждыктарын угуп, алар менен биргеликте иш алып бардык. Келечекте бул тенденцияны активдүү улантуу керек деп ойлойм. Урматтуу депутаттар, биздин алдыбызда келерки жылы дагы маанилуу милдеттер турат. Парламент өз ишин жаңы конституциялык шарттарда баштайын деп жатат. Парламент мыйзамдарды өз алдынча кабыл алат. Мажилиске шайлоо 2023-жылы өтөт. Бул бизге түздөн-түз тиешеси бар, ачык атаандаштык үчүн күрөштө жарандардын колдоосуна ээ болушубуз зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков