Казакстанда окуу жылындагы каникулдардын күнү бекитилди

Казакстанда окуу жылындагы каникулдардын күнү бекитилди

Аяк оона айынын бири – Билим күнүндө казакстандык мектеп окуучулары үчүн салтанаттуу жыйын өтөт. Окуу жылы биринчи класстын окуучулары үчүн 33 окуу жумасына, ал эми башка окуучулар үчүн 34 жумага созулат. Тиешелүү буйрукка буга чейин Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов кол койгон. Ал баш оона айынын 10да күчүнө кирет. Ошентип, быйылкы окуу жылында күзгү каникулдун узактыгы жетинин айынын 1нен 7не чейин 7 күндү түзөт. Кышкы каникул 11 күнгө созулат, тагыраагы бештин айынын 30нан үчтүн айынын 9на чейин. Жазгы каникул, салт боюнча, эң узак - 12 күн, жалган куран айынын 19нан 30на чейин. Адаттагыдай эле, 1-класстын окуучулары дагы кошумча эс алуу күндөрүнө ээ болушат. Бул бирдин айынын 7нен 13ү аралыгына чейин. Эске салсак, быйылкы окуу жылындагы пандемияга байланыштуу мектеп формасын милдеттүү кылбоо чечими кабыл алынган. Мекеме башчысы белгилегендей, окуучулар классикалык стилдеги кийимдер менен мектепке барууга укуктуу.

… Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, азыр өлкөнүн көптөгөн аймактарында карантиндик чектөөлөр бар, дүкөндөр белгилүү бир убакта, кээ бир шаарларда - иш күндөрү гана иштейт. Эгерде ата-энелер балдарына мектеп формасын сатып алуу үчүн соода борборлоруна жана дүкөндөргө массалык түрдө барышса, бул Covid-19 инфекциясынын кезегин жана тобокелчилигин жаратышы мүмкүн экенин түшүнөбүз.

Асхат Аймагамбетов баса белгилегендей, мектеп формасын милдеттүү түрдө кийүү маселесинде, талкууга карабастан, мекеме үчүн эң негизгиси учурдагы абалды объективдүү баалоо жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын ала көрүү болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков