Жер казынасын пайдалануучулар эсебинен илимди каржылоо көбөйтүлөт

Жер казынасын пайдалануучулар эсебинен илимди каржылоо көбөйтүлөт

Казакстанда жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен илимди каржылоону жыл сайын 25 пайызга көбөйтүү көздөлүп жатат. Эреже боюнча, жер казынасын пайдалануучулар өндүрүшкө жумшалган чыгымдардын 1% изилдөө иштерине багыттоого тийиш.

Ушул кезге чейин алар өздөрү каржылаган илимий изилдөө институттарын тандап келишкен. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жакынкы эки жылда бул механизм борборлоштурулуп, атайын бюджеттик программа иштелип чыгат. Каражат мамлекет тарабынан бөлүштүрүлөт. Бардык каржыланган долбоорлор мамлекеттик илимий-техникалык экспертизадан өткөрүлөт. Мекеменин маалымдашынча, бул чаралар каржылоону ачык-айкын кылат. Ошондой эле, түшкөн каражатка 15 илимий лаборатория жана университеттердин базасында 10 илимий изилдөө борборун түзүү мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков