Костанай облусунда 2 триллион
теңгеге өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында
аймактын өнүгүшү тууралуу Касым-Жомарт Токаевге аким Кумар Аксакалов айтып
берди. Азыркы учурда облуста 337 миллиард теңгеге 13 ири инвестициялык долбоор
ишке ашырылууда. Аймакта транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө басым
жасалып, бул багытка 100 миллиард теңгеден ашык каражат жумшалган, бул
2024-жылга салыштырмалуу 40%га көп. Мисалы, Жезказган – Петропавл тилкесин реконструкциялоо аяктап, Костанай –
Мамлютка жолу толугу менен жаңыланды, Екатеринбург – Алматы багытында оңдоо
иштери уланууда. Айылдардагы көчөлөр да унутулган жок. 103 калктуу пункттагы
400дөн ашык жолду оңдоого 29 миллиард теңге бөлүнгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында
Казакстандын Президенти инвестициянын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү, өнөр жай
жана агрардык тармактарды өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны модернизациялоо
жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Кумар Аксакалов, Костанай
облусунун акими:
- Жылдын аягына чейин биз 4 ири
заводду бүтүрүп, ишке киргизебиз. Биринчиси - жаңы автозавод. Ал жерде бир
жарым миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Кийинкиси - жүк ташуучу унаалар үчүн
алдыңкы көпүрөлөрдү чыгаруучу завод. Үчүнчүсү - жеңил унаалар үчүн автокомпоненттерди
жасоочу завод ишке киргизилет. Ал эми төртүнчү завод - бул ири кондитердик
фабрика. Айыл чарбасында 9 заманбап сүт-товар фермаларынын курулушу уланууда.
Алардын бир бөлүгүн жылдын аягына чейин ишке киргизебиз. Жалпылап айтканда,
Президент экономиканы андан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды
берди.
Которгон: Назира Бегалиева

